Жаңы-Жер (Сузак району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жаңы-Жер — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков айыл аймагына караштуу. Кара-Дарыя суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 17 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1973-жылы негизделген. Калкы 2084 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.[1]
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads