Жети-Өгүз (айыл)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жети-Өгүз (кырг. Жети-Өгүз) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айыл. Жети-Өгүз айыл округу составына кирет. Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 24 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 211 км. Калкы 3366 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб, китепкана, соода түйүнү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын Жети-Өгүз курорту жайгашкан.
Remove ads
Калкы
Калкы - 3 428 киши (2009)[1]
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads