Каракол эл аралык аэропорту
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Каракол эл аралык аэропорту (англ. Karakol International Airport) — Кыргызстандагы биринчи аэропорттордун бири. Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп саналган Каракол шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 2,5 км. алыстыкта жайгашкан[1].
Remove ads
Тарыхы
Каракол эл аралык аэропорту 1930-40-жылдардын ортосунда СССРдин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү планынын алкагында курулган[2]. Ысык-Көлдүн Бишкек жана Ош шаарларынын алыс жайгашкандыгына байланыштуу, аэропорт өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактары менен байланыш түзүү үчүн курулган жана колдонулуп келген.
Баштапкы инфрастүзүм
Алгач аэропортто кичинекей терминал имараты, асфальтсыз топурак учуп-конуу тилкеси жана техникалык объекттер курулган. У-2 (жүгөрү) же Поликарпов-2 (По-2) тибиндеги жеңил моторлуу учактарды кабыл алып жана учуруп турган. 1950-жылдары аэропорт биринчи ирет чоң реконструкциядан өткөн. Учуп-конуу тилкеси алгачкы жолу асфальтталган жана навигациялык системалар жакшыртылган. Оңдоп-түзөө жумуштарынын кийин аэропорт Ан-2 жана Ли-2 сыяктуу чоңураак учактарды тейлөөгө мүмкүнчүлүк алган[3].
Экономикалык мааниси
Советтик мезгилде аэропорт аймактын транспорттук системасында маанилүү роль ойногон. Аэропорт аркылуу жүргүнчү жана жүк ташуулардын көлөмү жогорулап, анын негизинде Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабы анын ичинде Каракол шаарынын экономикасы өнүгө баштаган.
Постсоветтик мезгил
СССРдин урап кетүүсү менен аэропорт бир топ кыйынчылыктарга туш болгон. Аба жүргүнчүлөр кескин азайып, инфраструктура начарлап учактарды тейлөө кымбаттап, ошол эле учурда авиа тармак унаа транспорту менен атаандаштыкка туш келген. Каракол аэропорту 1990-жылдардын башында жүргүнчү агымынын азайышы жана инфраструктуранын начарлашынан улам жабылган.
Remove ads
Учурдагы абалы
Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары аэропорт аймактык аэробекет болуп, негизинен жергиликтүү калкты ташыган туристтик багыттарга кызмат көрсөтүп келген. Каракол эл аралык аэропорту “Манас эл аралык аэропорту” (ААК) ачык акционердик коомунун курамына кирген 5 эл аралык аэропорттордун бири болуп саналат. Эл аралык макамы аэропортко 2011-жылдын 25-ноябрында ыйгарылган. Аэропорт Ыссык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт, дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен келген туристерди тосуп алып турат. Аэропорттун жылдык жүргүнчү агымы болжол менен 50,000 кишини түзөт[4].
Реконструкция
Акыркы жылдары аэропорттун модернизациясы боюнча иштер алгылыктуу жүрүп учуп-конуу тилкесинин узундугу жана туурасы кеңейтилип жаңы асфальт төшөлгөн, жаңы терминал курулуп, навигациялык жабдыктар жаңыланууда. Бул иш-чаралар жүргүнчүлөрдүн тейлөөсүнүн деңгээлин жогорулатуу жана аларды өткөрүү жөндөмүн көбөйтүү максатын көздөйт.
2024-жылдын июль айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Караколдо жаңы аэровокзалдын капсуласын коюу иш-чарасын өткөргөн. Бул окуя аэропорттун инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды[5].
2024-жылдын декабрь айында Каракол эл аралык аэропорту расмий түрдө президент Садыр Жапаров тарабынан ачылган. Ачылуу салтанатында ал объекттин аймакты өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы терминал бардык заманбап стандарттарга жооп берээрин айткан[6].
Учуп-конуу тилкеси
Аэроорттун учуу жана конуу тилкеси 2000 метр узундукта жана туурасы 35 метрга кеңейтилген, заманбап технологиядагы асфальт менен төшөлгөндүктөн орто оорлуктагы учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Авиакаттамдар жана баалар
Аэропорттун ачылганынан тарта Бишкек-Каракол бир тараптуу багытындагы билеттердин баасы 3200 сомду түзөт. Ал эми 2025-жылдын 9-январынан тарта аэропорт Ош-Каракол багытындагы жүргүнчүлөрдү кабыл ала баштаган. "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы бул рейс боюнча дайыма учууларды жүргүзүп келет[7].
Алдыга койгон максаттар
Ыссык-Көлдүн туристтик багытынын өсүп жаткан кызыгуусун эске алуу менен, Каракол эл аралык аэропроту дагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Аба каттамдарды кеңейтүү жана эл аралык авиакомпанияларды тартуу пландаштырылууда. Аэропрот Кыргызстандагы маанилүү транспорттук объект болуп саналат, ал аймактын экономикалык жана туристтик өнүгүүсүнө салым кошууда. Анын модернизациясы жана эл аралык авиация тармагына киргизилиши, аймак жана бүт өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат[8].
Remove ads
Авиакомпаниялар жана каттамдар
Булактар
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads