Ош эл аралык аэропорту

From Wikipedia, the free encyclopedia

Ош эл аралык аэропортуmap
Remove ads

Ош эл аралык аэропорту (англ. Osh International Airport; орус. Международный аэропорт "Ош") (IATA: OSS, ICAO: UCFO) — Кыргызстандын түштүк аймагына жана Ош шаарына кызмат кылган негизги аэропорт. Аэропорт “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун курамына кирген 5 эл аралык аэропорттордун бири[1].

Ыкчам фактылар Ош эл аралык аэропорту, IATA: OSS – ICAO: UCFO OSS ...

Ош эл аралык аэропортунун негизги милдети — Кыргызстандын түштүк аймагын аба транспорту менен камсыздоо, анын борбору катары Ош шаары эсептелет. Башка ири шаарларга болгон аралыктар төмөнкүдөй: Бишкекке чейин — 300 км, Ташкентке — 322 км, Наманганга — 103 км, Андижанга — 43 км. Аэропорт деңиз деңгээлинен 892 метр (2929 фт) бийиктикте жайгашкан. Аэродромдун классификациясы: ИКАО боюнча — 4D классы[1].

Remove ads

Тарыхы

Ош эл аралык аэропорту 1974-жылы курулуп, ошол эле жылы ишке берилген[2]. Эл аралык багыттагы бөлүмү 1992-жылы ачылган.

Жаңы терминал

Ош эл аралык аэропортунда жаңы терминалдын курулушу 2025-жылдын 14-февралында башталган. Жаңы терминал саатына 900 жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот[3].

Жаңы эки кабаттуу, жертөлөсү бар терминалдын жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт жана жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоор жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттарды камтыйт: кең күтүү залы, заманбап каттоо аймактары, фуд-корт, эс алуу бурчтары жана 650 унаага ылайыкташкан автоматташтырылган токтотмо жай[4].

Ош аэропортунда төмөнкүдөй комплекстүү модернизация пландалууда:

  • Перронду кеңейтүү — Учактар үчүн токтотуучу жайлардын саны 25ке көбөйөт[4].
  • Учуп-конуу тилкесин узартуу — Проекттик-сметалык документтер 2025-жылы даяр болот. Узартуу иштери 2026-жылга пландалган[4].
  • Жарыктандыруу системасын жаңылоо — Учуп-конуу тилкеси реконструкциялангандан кийин, жогорку интенсивдүүлүктөгү жарык берүүчү система 3-категорияга чейин жеткирилет. Бул кандай шарт болбосун учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет[4].
Remove ads

Авиакомпаниялар жана багыттар

Толук маалымат Авиакомпания, Багыты ...
Remove ads

Окуялар жана кырсыктар

  • 2011-жылдын 28-декабрында Бишкек–Ош багытындагы QH3 каттамын аткарып бара жаткан EX-020 номурлуу Кыргызстанга таандык Ту-134А учагы, ичинде 73 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү менен, Ош аэропортунун 12-конуу тилкесине катуу конгон. Конгон учурда учактын оң шасси бөлүгү сынып, оң канаты үзүлүп, учак кыйшайып калган. Ал конуу тилкесинин оң тарабындагы жумшак жерге, болжол менен 10 метр алыстыкка барып токтогон. Сол канаттан май чыгып кетип, өрт тутанган. Өрт куткаруу кызматтары тарабынан тез арада өчүрүлгөн. Бир жүргүнчү оор жаракат алган. 24 адам жеңил жаракат (мээ чайкалуу, көгөрүү) алып, алардын ичинен 16сы ооруканага жеткирилген[15].
  • 2015-жылдын 22-ноябрында EX-37005 борттук номери менен Avia Traffic Company'ге таандык Boeing 737-300 учагы 768-рейс катары Ош аэропортуна конуп жатып катуу сокку менен жерге тийген. Натыйжада, учактын шассиси сынып, сол кыймылдаткычы үзүлүп, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Окуядан 8 адам жаракат алган[16].

Дагы караңыз

Булактар

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads