Уринбой Рахмонов

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Уринбой Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Ўринбой Раҳмонов; (1910-1980), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, көркөм жетекчиси, башкы режиссёру, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын, ал Кыргызстандын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы.

Ыкчам фактылар Төрөлгөндөгү ысымы:, Туулган датасы: ...
Remove ads

Өмүр баяны

Уринбой Рахмонов 4 март 1910 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылынын негиздөөчүсү болчу, Ош шаарынын театрынын биринчи негиздөөчүсү, уюштуруучусу, биринчи директору жана корком жетекчиси, Кыргызстанда жаңы мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнүн башында Рахмонберди Мадазимов Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүүдө активдүү роль ойногон. Уринбой Рахмонов 17 жашга толгондо, ал 1927 жылы өзүнүн чыгармачылыгын Ош театрында баштаган. Ош драма театрында артист болуп иштеген, мындан тышкары, театрды калыптануу жана уюштуруу оор жылдарда кошумча он кызмат ордун аткарган: режиссер жардамчысы, драматург, обончу, музыкант, суфлёр, сүрөтчү, гримёр, ырчы, акын, ал чакан пьесалар жана обондор учун ырлар жазган. Ошол обондорга Кыргыз ССРинин эл артисти, биринчи аял бийчи Розия Муминова бийлеген[1].

1934 жылы театр жамаатын курамында Ленинград, Москва, Ташкент шаарларында биринчи гастролдорундо катышкан. 1934 жылдын августунда театралдык жамааттын курамында 70 адам Ленинград шаарына гастролдорго барды. Театр репертуары "Фархад менен Ширин", "Лейла менен Маджнун" жана башка өзбек пьесалары тузду. Ленинграддын искусство сүйүүчүлөру театр чыгыштарын жакшы кабыл алышты, ошондуктан узак эмеске пландаштырылган бул гастролдор дээрлик бир айга созулдуу. Театрдын жамааты чыгармачыл жолугушууларды ишканаларда, окуу жайларында, укмуштуу "Аврора" крейсерда жүргүздү.

Бардыгы болуп 22 концерт беришти. Гастроль аягында артисттерди Ленинград партия обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров кабыл алды, ал белгилегендей, коюлган спектаклдер жана концерттер ленинграддыктарга чоң таасир кылды жана алардын эсинде калат. Жолугушууга Уринбой Рахмонов, А. Насриддинов, Кадыржан Хамидов, З. Умаров, Гуламжан Исраилов, Б. Махмудов, Тожихон Хасанова, Лайлихон Моидова, Р. Ахмедов, Б. Ортиков, И. Худайбердиев, Зиямиддин Шакиров, Лутфулло Ходжаев, Р. Мухаммаджанов, Ж. Юсупжанов, Ж. Мухаммаджанова, Д. Каюмов, П. Салиев жана башкалар катышкан. Жолугушуунун аягында алар С.М. Киров менен сүрөткө түшүүштү. С.М Киров өлгөндөн кийин 1937 жылы театрге С.М. Кировдун аты коюлду.

1934 жылы Ташкентте пахтакер алдыңкылардын чогулушу өткөрүлгөн. Өзбек ССР Борбордук аткаруу комитети президиумдун төрагасы Юлдаш Ахунбабаевтын чакыруусу боюнча театрдын жамааты слёт катышуучуларыне концерт коюу үчүн Ташкентке барды. Слёт катышуучулары обончу Абдулла тарок Файзуллаевдун, артисттер Уринбой Рахмоновдун, Р. Муминованын, Т. Хасанованын, Л. Моидованын, К. Хамидовдун, Ж. Исраиловдун чыгыштарын кулак тундурган кол чабуулар менен кабыл алды. 1934 жылы Уринбой Рахмонов театр курамында Москва гастролдорунда эле катышкан. 26 май-4 июнь 1939 жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасында катышкан жана чыгармачылык топ катышуучулары М.И. Калинин менен жолукту[2].

1939 жана 1940 жылдары Фрунзе шаарында гастролдордо катышкан.

Улуу Ата-Мекендик согуштун башынан бери театрдын көптөгөн артисттери өз ыктыяры менен согушке барды. Согушта Уринбой Рахмонов оор жараат алгандан кийин, Ош шаарына жиберилди. Ал 1942-жылы театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды жана театрды 1949-жылга чейин жетектеген.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош театрынын артисттери фронттордо болуп жана жоокерлерге мекенчилдик спектаклдер койду. Уринбой Рахмонов, Б. Хасанова, Э. Бутаева, М. Атабаев жоокерлерди эрдикке чакырды. Бул жылдары сахнада Уринбой Рахмонов тарабынан Камил Яшиндын "Бороон", "Оккупанттерге өлүм!", Сабир Абдулланын "Курбан Умаров", Уйгундын "Жашоо ыры", Билль-Белоцерковскийдын "Чек арачылар" , Корнейчуктун "Фронт" чыгармалары коюлду. Театралдык жамаат эмгекчилердин массасын аскердик-патриоттуулук духунда тарбиялоого чоң салымын кошкон. Театралдык жамааттын чыгармачылык потенциалын ачып берүү үчүн сахнага Уринбой Рахмонов тарабынан коюлган Хамзанын "Бай жана батрак", "Майсаранын жоруктары", К. Тренёвдун "Любовь Яровая" Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", С. Абдулланын "Тахир менен Зухра", М. Ордубадинын "5 сомдук келин", Хуршидтын "Фархад менен Ширин", К. Яшиндын "Гулсара", Уйгундын "Жаз", "Алтынкуль" чыгармалары чоң ролду ойноду[3].

Уринбой Рахмонов 1949-1954 жылдары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы 1954-1965 жылдары Кызыл-Кыштак айылында почтанын башчысы болуп иштеген. 1965 жылдан соода системасында иштеген. Бирок, 1949 жылы ал театрдан жумуштан кеткен болсо да, буга карабастан 1958 жылгача штаттан тышкары, жумуштан кийин театрда башкы жана эпизодик ролдорду ойноду. Көрүүчүлөр жана сынчылар ал аткарган "5 сомдук келин" драмасындагы ата, немец офицеринын жана башка чыгармалардагы ойногон башкы ролдорун белгилеп кетишкен. Уринбой Рахмоновдун Ош театрынын түзүүгө жана искусствого кызмат кылууга сиңирген эмгеги 2010 жылы чыккан Абдугани Абдугафуровтун "Ош академик театры" китебинде 1 жана 3-беттеринде чагылдырылган, 42 бетте 1940 жылдагы театр афишасынын актёрлор тизмесинде № 19 астында анын аты жана фамилиясы көрсөтүлгөн. Бош убактысында ал озу туулган жана өмүрүнүн аягына чейин жащшаган Ош шаарыны жана Сулайман-Тоону атагын чыгарган ырларды жазган. Анын көпчүлүк туугандары искусство жана маданият ишмерлери болуу себеби, акын Ходжаназар Хувайдо (1704-1780) алардын тууганы. Уринбой Рахмонов карылык убагында Ош шаарындагы Сулайман-Тоосунда жайгашкан Бабурдун уйун карачу жана аны жайлуу кылды. Сулайман-Тоосуна качан көтөрүлгөндө ар жолу, ал өзу менен эки челек сууну алып жана өзу отургузгон дарактарды сугарган. Көп ырлары гезиттерде жарыяланган. 12 баланы тарбиялады. Улук уулу Дилдорбек ажы Рахмонов эле Киров атындагы Ош драма театрында иштеди жана үч кинофильмда эпизодик роль ойногон. Башка уулу Дарвишбек палван Рахмоновда жашоосун искусствого кызмат кылууга багыштады жана ал Өзбекстандагы "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирктик труппанын көркөм жетекчиси болуп иштейт[4].

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы, кийин Кызыл-Кыштак айылындагы почта бөлүмүнүн башчысы Уринбой Рахмоновдун сунушу менен 1953-жылы 3 айылдык кеңеш - Кызыл-Кыштак, Шуро жана Ишкаван бириктирилген. Бириктирилген Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы болуп Уринбой Рахмонов 1954 жылга чейин башкарган. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешин «Шуро» колхозунун төрагасы Эшонхон Рахмонов 1954 жылдан 1968 жылга чейин башкарган.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Уринбой Рахмоновдун сунушу менен жана анын жетекчилигинде Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш, Сураташ, Бешкапа, Коммунист, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Ишкаван айылдарында жаңы жерлер өздөштүрүлгөн. Азыр ал жерлерде он миңдеген адамдар жашайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы жарлыгы менен Кызыл-Кыштак айыл аймагынын аймагы Ош шаарынын курамына киргизилген.

Уринбой Рахмонов Ош облусунун, Ош шаарынын, Кара-Суу районунун Кенештеринин депутаты жана бир нече жолу Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин депутаты, Ош облусунун обкомунун, Кара-Суу райкомунун бюросунун мүчөсү болуп шайланган.

Remove ads

Театрдагы чыгармачылыгы

Толук маалымат Год, Название ...

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Remove ads

Жеке жашоосу

Театр артистин элесине

Колдонулган адабияттар

  1. А. Абдугафуров "Ошский узбекский музыкальный театр", Фрунзе шаары: Кыргызстан, 1980 жыл. С. 7, 11. — 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)[7].
  2. А. Абдугафуров «Ошский академический театр», 1, 3, 42 беттер. Ош шаары: "Азия Принт", 2010 жыл. — С. 1, 3, 42. — 52 с. (узб.)
  3. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки). (узб.), (рус.) и (кирг.)
  4. "Проблематика поэтического слова в кыргызском зарубежье" / Сабирова В.К., Сарыбаева Г., Эрназарова Г.Б. — Ош: ОшГУ, 2018. — С. 3. (рус.)
Remove ads

Булактар

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads