Шекер (айыл)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Шекер — Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Шекер айыл аймагына кирет.
Remove ads
Калкы
Калкы ― 3573 киши (2009-жылы)[1]. Бардыгы кыргыздар жана Шекер уруусунан.
Кыскача тарыхы
Шекер айылы 20-кылымдын башында негизделген.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Маданий жайлары
- Шекер айылындагы Күркүрөө клубунда Чыңгыз Айтматовдун музейи жайгашкан. Музей ар күнү саат 9:00дон 17:00го чейин иштейт.
- Музейдин түштүк-чыгышында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстелик орнотулган.
- Шекер айылындагы орто мектеп Төрөкул Айтматовдун ысымын алып жүрөт. Мектептин бет маңдайында Төрөкул Айтматовдун эстелиги жайгашкан.
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads