Ынтымак (Бакай-Ата району)

Кыргызстандын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл. From Wikipedia, the free encyclopedia

Ынтымак (Бакай-Ата району)map
Remove ads

Ынтымак (мурдагы Калинин)— Кыргызстандын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл. Шадыкан айыл аймагына кирет.

Ыкчам фактылар

Талас облусунун административдик борборунан 15-18 км, район борборунан 20 км чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Remove ads

Инфратүзүм

Айылда учурда эки миңдей кожолук бар. Бирок жашоочуларынын бери дегенде 500дөйү эмгек миграциясында жүрүшөт. Эки айылдын кармагындагы айдоо жердин көлөмү үч миң гектарга барабар. Айылда орто мектеп, маданият үйү, мечит бар.

Тарых

Тарыхый маалыматарга караганда, айылдын аймагына биринчилерден болуп, 18-19 –кылымда немис калкы келип отрукташкан. Бул айылдын калкынын дээрлик жарымын немис улутундагы калк түзүүчү. Алардын акыркылары тарыхый мекени – Германия. 1995-жылга чейин көчүп кетишкен. Анткен менен бир кездеги айылдаштары менен байланышын сактап келишүүдө.

Коңшу Түйтө айылы менен бирге Шадыкан (айылдын 1930-жылдары басмачылык кыймыл менен күрөш учурунда таанылган тургуну) айыл өкмөтүнүн курамына кирет.

Мурдагы депутат Орозбек Дүйшеев жана мурдагы Мамлекеттик катчы Эсенбек Дүйшеев сыяктуу кыргыз саясатчылары, таанымал кардиохирург Айдар Шералиев, саанчы, немис улутундагы Мина Отт айым (мурдагы СССР парламентинин депутаты), журналист Улан Эшматов ушул айылдан чыккан.

Айылдагы немистердин басымдуусу тарыхый атажуртуна - Германияга 1990-жылдары журт которушкан менен, айыл калкы менен карым-катнашын ырааттуу улантып келет.

Remove ads

Калкы

Калкы ― 2 454 киши (2009-жылы)[1].

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads