Базар-Коргон району

From Wikipedia, the free encyclopedia

Базар-Коргон районуmap
Remove ads

Базар-Коргон районуЖалал-Абад облусундагы администрациялык бирдигинде 1934-жылына чейин анын курамында Масы районунда болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы жана Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району деп аталган ал 1978-жылдан бери өзүнчө район болуп саналат.

Ыкчам фактылар Өлкө, Административдик борбор ...

Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндук-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Сузак райондору, түштүк-батышынан Өзбекстан менен чектешет.

Базар-Коргондун аянты - 1866 км², калкы 193 168 киши (2023-жылы). Райондо 1 шаар, 8 айыл өкмөтү, 62 кыштак бар. Борбору Базар-Коргон шаары. Райондун аймагы негизинен Кара-Үңкүр өрөөнүн жана аны курчап турган Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш, Кең-Көл, Фергана тоолорунун түшук капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндук-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт.

Remove ads

Климаты

Климаты мелүүн континенттик, жерортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы -3...-6°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10-24°С. Жылдык жаан-чачымдын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 ммге чейин.

Суулар

Райондун аймагынан Кара-Үңкүр суусу агат ал Фергана жана Бабаш-Ата тоолорунан башталып, Кызыл-Үңкүр, Жазкечүү жана Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт.

Көлдөрү: Кең-Көл, Кутман-Көл, Каракол жана башка чакан көлдөрү бар.

Өсүмдүк

Жери негизинен боз, кара күрөң жана күрөң тоо топурактуу. Райондун аймагында Түштүк Кыргызстандагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл-Үңкүр) жайгашкан. Бул массивдер дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири болуп эсептелет. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайың, айва, алма жана башка мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт.

Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суунун боюнда терек, тал, чычырканак жана башка өсүмдүктөр кездешет. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, ак чычыр, кайың, шилби, табылгы өсөт.

Калкы

Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканынын жалпы жыштыгынан жогору 1 км² жерге ― 94 киши.

Административдик бөлүнүш

Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 8 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 62 айыл бар[3].

Райондук маанидеги шаары:

Айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:

Remove ads

Өнөр жай

Райондун экономикасынын негизин айыл чарба түзөт. Айыл чарбанын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы жана тамекичилик. Район боюнча 2003-жылы 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миң га, анын 13,8 миң гасы сугат жер, 5.6 миң гасы чабыңды, 78,3 миң гасы жайыт, 791 гасы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлеринен 2003-жылы 26,0 миң тонна буудай, 17,4 миң тонна пахта, 0,2 миң тонна тамеки, 10,3 миң тонна картөшкө, 3.6 миң тонна мөмө-жемиш, 19,8 миң тонна жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң тонна тоют жыйналган. 2003-жылы буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-жылы 55.6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үйкушу асыралган, 6,2 миң тонна эт, 33,3 миң литр сүт, 163 тонна жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн.

Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-жылы райондун жалпы өнөр жайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтынкемер» ишканалары, «Кыргыз Түрк Этем Озсой» заводу, жаңгак жыгачынан үй буюмдарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылышууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акционердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар.

Remove ads

Транспорт

Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы узундугу 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базар-Коргон кыштагынын жолдору тоолу. Ал аркылуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон, Арстанбап, Базар-Коргон, Кызыл-Үңкүр жана башка автомобиль жолдору бар.

Маданият

Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базар - коргон, Кажырабат кыштагында) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер жана 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 балабакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), музыкалык мектептер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар жана өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызыл-Үңкүр аймактарында окуучулар жайында эс - алуучу жайлар бар.

Райондо 2003-жылы борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданият үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитардык- эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон.

Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар Арстанбап-Ата, Ак-Тайлак-Ата, Көлкупан-Ата тарыхый эстеликтери жана башка көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап тады» гезити чыгат.

Remove ads

Булактар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Маалымат булагы

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads