Казарман

From Wikipedia, the free encyclopedia

Казарманmap
Remove ads

КазарманКыргыз Республикасына караштуу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы айыл. Каргалык айыл аймагынын курамына кирет. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 145 км. Багыш темир жол бекетинен 106 км. 1916-ж. чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 9,1 миң (2009). Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташкан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казарман деп атап калган. Төрт орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мектеби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бетон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механикалаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.

Ыкчам фактылар

Кышкысын кар калың убактарда коңшу аймактардан дээрлик кесилип турат.

Саймалуу-Таштын петроглифтерине, б. а. базальтту чоң таш кесектерде чегилген аска сүрөттөр эң көп үйүлгөн жерге, экспедиция үчүн зыярат кылынуучу жер[1][2].

Remove ads

Калкы

Калкы - 9 486 киши.[3] Калып:Kyrgyzstan-stub

Инсандар

  • Бакиев, Максим Курманбекович — кыргыз мамлекеттик ишмери, бизнесмен. Казармандын Макмал орто мектебин бутургон.
  • Эшимканов, Мелис Асаналиевич — кыргыз коомдук ишмери, журналист. Казарманда төрөлгөн

Колдонулган адабияттар

Адабият

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads