From Wikipedia, the free encyclopedia
Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:
Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.
Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.
Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.
Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).
UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.
Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.
Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.
Декреттик убакыт — СССРде 1930—1931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.
Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:
Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.
Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат.
Өлкө | Убакыт алкактарынын
саны |
Эң батыштык
убакыт алкагы |
Эң чыгыштык
убакыт алкагы |
Жайкы убакытка өтүү |
---|---|---|---|---|
Бразилия | 3 | UTC−4 | UTC−2 | Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган |
Улуу Британия | 8 | UTC−8 | UTC | |
Калып:Өлкө желеги/Гренландия | 4, жайында 3 | UTC-4 | UTC | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Дания | 5 | UTC-4 | UTC+1 | |
Конго Демократиялык Республикасы | 2 | UTC+1 | UTC+2 | Эч качан болгон эмес |
Индонезия | 3 | UTC+7 | UTC+9 | Эч качан болгон эмес |
Испания | 2 | UTC | UTC+1 | |
Казакстан | 2 | UTC+5 | UTC+6 | Алынып салынган |
Канада | 6 | UTC−8 | UTC−3:30 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Кирибати | 3 | UTC+12 | UTC+14 | Эч качан болгон эмес |
Мексика | 4 | UTC−8 | UTC−5 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Микронезия Федеративдик Штаттары | 2 | UTC+10 | UTC+11 | Эч качан болгон эмес |
Монголия | 2 | UTC+7 | UTC+8 | Колдонулат |
Нидерланддар | 2 | UTC-4 | UTC+1 | |
Жаңы Зеландия | 2 | UTC+12 | UTC+12:45 | Колдонулат |
Португалия | 2 | UTC-1 | UTC | |
Орусия | 11 | UTC+2 | UTC+12 | Алынып салынган |
АКШ | 6 | UTC-10 | UTC-5 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Украина | 2, жайында 1 | UTC+2 | UTC+3 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Франция | 12 | UTC-10 | UTC+12 | |
Чили | 2 | UTC-5 | UTC-3 | Алынып салынган |
Эквадор | 2 | UTC-6 | UTC-5 |
Порт-Морсби) (Kilo)
Кашаанын ичинде убакыт зоналарынын аббревиациясы көрсөтүлгөн
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.