Кош-Дөбө (Ак-Талаа району)
Нарын облусунун, Ак-Талаа районундагы айыл From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кош-Дөбө — Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет.
ААББТ коду — 41704 210 820 01 0[2].
Remove ads
Тарыхы
Кош-Дөбө айылы 1929-жылы негизделген. Бул айыл жайгашкан өрөөн мурда «Мынакелди» деп аталган. 1929-жылга чейин эл уруу-уруу болуп, ар кайсы кокту-колоттордо чачырап жашаган[3].
Совет бийлиги 1926–1927-жылдары кедей дыйкандарды уюштуруп, «ТОЗ» (жерди ортоктоштуруп иштетүү) жана «Артель» түзүү иштерин баштаган. Ушул мезгилде өрөөндө коммунисттик партиянын жана комсомол уюмдарынын түптөлүшү жүргөн[3].
Алгач айылга 29 түтүн бириктирилип, расмий айыл түзүлгөн. Биринчи айыл башчысы болуп Кыдыралиев Күрөңкөй дайындалган[3].
1932-жылы түтүндүн саны 190го жеткен. 1933-жылы ТОЗ жоюлуп, «Кош-Дөбө» жана «Съезд» колхоздору уюшулган. Революция жеңип бийлик Советтерге тийгенден кийин, ар кайсы жерлерде айылдык кеңештер уюшула баштаган. 1934-жылы «Мыкаачы» айылдык кеңеш уюшулуп, буга Ак-Чийден баштап Кош-Дөбөгө чейин кошулган бир айылдык кеңеш болгон. 1936-жылы Кош-Дөбө айылдык кеңеши болуп түзүлүп, төрагалыгына куланактык Атамкулов, катчылыгына Моңолов шайланган. «Съезд» менен «Кош-Дөбө» колхоздору биригип, «1-Май» колхозу болуп 1940-жылы уюшулуп, «Съездеги» элди Кош-Дөбөгө көчүрүп келген[3].
1937-жылга чейин Ак-Талаа, 1937–1962-жылдарда Тогуз-Торо, 1963-жылдан кайрадан Ак-Талаа районунун карамагында болгон.
Remove ads
Географиясы
Нарын – Макмал жолунун боюнда, райондун борбору Баетов айылынан 90 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 220 чакырым, Балыкчы темир жол бекетинен 420 чакырым, Бишкек шаарынан 580 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Түштүгүнөн Өзгөн, түштүк-батышынан Сузак, түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Тогуз-Торо райондору менен чектешет. Чыгыш тарабынан Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылы менен чектешет. Айыл өкмөтүнүн жалпы аймагы 976 чакырым. Айыл чарбасына жарактуу жери 53 357 га, анын ичинен айдоо аянты – 1450 га[3].
Remove ads
Калкы
Калкы - 3530 киши.[1]
Галерея
- Айылда жаз
- Айылдын төмөнкү бөлүгүнүн бийиктиктен көрүнүшү
- Айылдын кире бериши
- Айылдагы кар
- Колдо кармалган малдардын төл учуру
- Айылда жаз, эрип жаткан карлар
- Кубанычбек Калчаев атындагы көчөсүнүн төмөнкү бөлүгүнүн көрүнүшү
- Айылды курчап турган тоолордун көрүнүшү
- Айылдагы калың кар
- Айылга кире бериштеги такта
- Кубанычбек Калчаев атындагы көчөсүнүн төмөнкү бөлүгүнүн түндөгү көрүнүшү
- Айылдын панорамасы
Remove ads
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads