Доллар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Доллар
Remove ads

Доллар (англ. dollar) — дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн валюталарынын аталышы.

Thumb

Доллар Австралия, Белиз, Канада, Жаңы Зеландия, Намибия, Сингапур, Синт-Эстатиус, Сабу, Чыгыш Тимор, Пуэрто-Рико, Панама, Палау, Бруней, Бонайре, Британиялык Виргин аралдары, Багама аралдары, Бермуд аралдары, Суринам , Маршалл аралдары, Соломон аралдары, Америка Кошмо Штаттары, Сальвадор, Эквадор, Тайвань, Гонконг, Зимбабве, Фиджи, Микронезия Федеративдик Штаттары, Теркс жана Кайкос аралдары, Ямайка өлкөлөрүндө жана башка бир катар бөлөк өлкөлөрдө жүгүртүлүчү расмий валюталарынын аталышы.

Бир доллар жалпысынан 100 центке барабар.

Remove ads

Аталышы

Бул аталыш «талер» (нем. Taler) деген сөздөн келип чыккан. Биринчи жолу «доллар» (dollar) сөзү шотландиянын 1567-1571[1] жылдары чыгарылган куну 30 шиллинг болгон, «кылычтуу доллар» (англ. Sword Dollar) каймана аттуу монеталардын бир түрүнүн аталышы катары колдонулган. Доллар деген сөз Уильям Шекспирдин «Макбет»[2] (XVII кылымдын башы) пьесасында да кездешет:

« That now
Sweno, the Norways' king, craves composition:
Nor would we deign him burial of his men
Till he disbursed at Saint Colme's inch
Ten thousand dollars to our general use.
»
Remove ads

Доллар белгиси

Thumb
Доллар белгисинин эволюциясы.
Негизги макала: Доллар белгиси

Белгинин келип чыгышы

Доллар белгисинин келип чыгуу тарыхында ар кандай теориялар, божомолдор жана уламыштар бар, бирок илимий жактан далилденген версиясы жок. Азыркы учурда көп айтылган версияларынын бири — доллар белгиси испан песосунан келип чыккан деген версия. «ps» кол жазма аббревиатурасын 1770-жылдардагы британиялык, америкалык, канадалык, мексикалык жана башка испан-америкалык иш кат алышууларынан кезиктирсе болот. «P» тамгасынан тик сызык гана калган, ал эми «S» тамгасы фон катары колдонулуп, жазуу ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берген деп божомолдонот.

Азыркы теориялар «US» жазуусунун өзгөртүлгөн вариантынан келип чыккан деп да карашат.

Remove ads

«Доллар» аталыштагы валюталар

Толук маалымат Сүрөт, Валюта коду ...


Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads